Садыр Жапаров карабах аттарынын «Жеңиш» шоусуна катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» деп аталган шоу-программасына катышты.

Иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында өттү.

Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана байыркы жылкычылык салттарын чагылдырган карабах аргымактарынын оюндары көрсөтүлдү.

Көрүүчүлөргө улуттук кийимчен атчандардын катышуусундагы көркөм шоу-программа тартууланып, алар ат минүүнүн классикалык жана элдик мектебинин элементтерин жана ат үстүндө ойнолуучу оюндарды көрсөтүштү.

Оюндардын алдында атчандар Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тууларын салтанаттуу түрдө көтөрүп чыгышты.

Көрсөтүү азербайжандын салттуу музыкасы жана улуттук бийлери менен коштолду.

Связанный пост