Жыл башынан бери өлкөдө 33 адам сууга чөгүп каза болду

2025-жылдын 3-июлуна чейин сууга чөккөн адамдардын саны 33кө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 21и жай мезгилинде сууга чөгүп, каза болгондор. Өткөн жылы ушул күнгө чейин 35 адам сууга чөккөн.
Тилекке каршы суудан ажал тапкандардын 35 пайы чоңдор, 15 пайызы 12 жашка чейинки балдар түзөт.
Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү, мас абалында суу жээгинде эс алуу, балдардын кароосуз калуусу жана башкалар.
ӨКМ жыл сайын кыш жана жай мезгилинде калкка коопсуздук эрежелерин эскертип, ал тургай айрым суу аянттарына түшүүгө болбостугун тынымсыз түшүндүрүшөт.