Жыл башынан бери өлкөдө бруцеллездун 402 учуру катталды

Республика боюнча 2025-жылдын 5 айында 402 бруцеллез оорусу катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Өзгөчө коркунучтуу, карантиндик инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө республикалык борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде 358 учур катталган. Борбор адамдардын арасында бруцеллез оорусунун көбөйүшүнүн негизги себебин айыл чарба жаныбарларынын бруцеллез оорусу боюнча татаал эпизоотиялык кырдаалга байланыштырууда.
“Республикада бруцеллез менен ооруган малды милдеттүү түрдө союуну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар иштелип чыга элек. Жергиликтүү деңгээлде ылаңдаган малды союу боюнча адистештирилген ишканалар жок. Мажбурлап союлган малдын ээлерине компенсация төлөп берүү механизмдери иштелип чыккан эмес. Малды өз убагында диагностикалык изилдөөлөр жана эмдөө иштери жүргүзүлбөйт, кармоого жана мал чарба продукцияларын сатууга ветеринардык көзөмөл начар. Мал ээлери ветеринардык-санитардык талаптарды сакташпайт”. – деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бруцеллез менен ооругандардын басымдуу бөлүгү оорулуу малды кароо учурунда жуккандыгы аныкталган.
Белгиленгендей, бруцеллездун алдын алуу боюнча дарыгерлер тынымсыз иш алып барышууда. Калкты массалык түрдө маалымдоо максатында 2024-жылдын октябрь жана 2025-жылдын апрель айларында өлкөнүн 20 районунда тренерлер үчүн бир катар тренингдер өткөрүлдү.
Тренингдер аяктагандан кийин даярдалган адистер өз аймактарында калк арасында тренингдерди өткөрүшүп, коомчулукта бруцеллез оорусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.