Эмгек министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германия, Польша, Венгрия, Хорватия жана башка өлкөлөргө жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйгөн.
Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде укмуштуудай жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат:
- квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы;
- кепилденген иш менен камсыз кылуу;
- документтерди тез даярдоо жана чет өлкөгө “оңой чыгып кетүү”;
- андан кийин алар “кызмат көрсөткөндүгү” же “чакыруу алуу” үчүн алдын-ала акы төлөөнү талап кылышат, андан соң жок болуп кетишет.
Жарандар үчүн төмөндөгүдөй коркунучтар бар:
- акчасын жоготуу жана жумушсуз калуу;
- жасалма документтер жана депортация;
- башка өлкөдө камсыздандыруунун жана укугун коргоо механизмдеринин жоктугу;
- карызга батып кетүү же эмгек эксплуатациясына кабылуу;
- акча төлөгөндөн кийин шылуундар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.
Өзүңүздү шылуундардан коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди эстен чыгарбаңыз?
- социалдык тармактардагы белгисиз адамдарга эч качан акча которбоңуз;
- жумушка орноштурууну сунуш кылган агенттиктин лицензиясынын бар же жоктугун текшерүү керек;
- шарттарды жакшылап карап чыккандан кийин гана келишимге кол коюңуз;
- бардык документтердин көчүрмөлөрүн жана кат алышууларды сактаңыз;
- бара турган өлкө, эмгек шарттары, чыгымдар жана реалдуу эмгек акысы жөнүндө толук маалымат алыңыз;
- Европа, Япония, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууну пландап жатсаңыз, уруксаты бар, расмий түрдө иштеп жаткан жумушка орноштуруучу жеке агенттиктерге гана кайрылыңыз.
Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча расмий иш алып барган жеке агенттиктердин тизмеси менен бул шилтемеден https://migrant.kg/ru/services/employment-agency/ тааныша аласыз.
Эсиңизде болсун!
Сиздин коопсуз жумушка орношууңуз – бул сиздин коргооңуз жана эртеңки күнгө болгон ишенимиңиз. Шылуундардын курмандыгы болуп калбаш үчүн сак болуп, бул жөнүндө жакындарыңызга жана досторуңузга эскертиңиз.