Ирандан Кыргызстандын дагы 42 жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Ирандан Кыргызстандын дагы 42 жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, эвакуациялоо иштери Ирандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.
Ошентип, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоо максатында “Багжиран” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Түркмөнстанга 4 жаран, “Астара” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Азербайжанга 38 жаран эвакуацияланган.
Учурда эвакуацияланган жарандардын баары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишкен.
Министрлик Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен тыгыз байланышта болуп, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алардын мекенине коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.