Балыкчы шаарынын мэри алмашты

 Балыкчы шаарынын мэри алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кермалиев Султан Шарипканович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.

Связанный пост