Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону Злата Аркатова менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту.
Минкаб башчысы Злата Аркатованы өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында булава дисциплинасы боюнча алтын медаль жеңип алуусу – бул тарыхый жеңиш экенин белгилеп, Кыргызстан биринчи жолу гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпиондук бийиктикке жеткенин билдирди.
“Жеңишиң менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө даңазаладың. Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, биздин гимнди дүйнөлүк аренада жаңырттың. Өзүңдүн бийик деңгээлдеги чеберчилигиң, талантың, эркиң менен кыргыз гимнастикасы дүйнөлүк эң жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин далилдедиң”-деди ал.
Жолугушууга гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова, машыктыруучулар – Жаныл Каймазарова жана Гүлнар Мамыркулова катышты. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Злата Аркатованын жеңишке жетүүсүнө, анын машыктыруучуларынын жана гимнастика федерациясынын эмгеги зор экенин баса белгиледи.
“Бүгүнкү ийгиликке командалык иш, талыкпас эмгек, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк менен жетиштиңиздер”-деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлык сертификаттарды тапшырды.