Жалал-Абадда жаңы курулган “Көк-Арт” көмөк чордону пайдаланууга берилди
Сузак районунун Таран-Базар айылында жаңы 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордону курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Бул көмөк чордон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулду.
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айынан башталып, Кытай темир жол компаниясы ишке ашырды.
Жаңы курулган 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордондон 35 кВ эки линия чыгат. Алар 35кВ Калмак-Кырчын аба чубалгысынын узундугу 11 чакырым, Сары-Кыр 35кВ аба чубалгысынын узундугу 35 чакырымды түзүп, Казарман аба чубалгысына туташат.
Көмөкчордон “Кыргызстан УЭТ” ААК жана Кытай-Кыргызстан темир жол куруучу компаниясынын ортосундагы келишимдин негизинде курулду.