Өлкө аймагында күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүлүүдө
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында комплексдүү даярдоо иштерин жүргүзүүдө.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясынан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
- 35-500 кВ чыңалуудагы 91 көмөк чордондордун жабдууларында;
- 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 1029 трансформатордук көмөк чордондордо;
- 354 км чакырым 35–500 кВ аба чубалгыларында;
- 1 198 км чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгыларында.
Ошондой эле учурда төмөндөгүдөй иштер жасалууда:
- 298 көмөк чордондордун жабдууларында (35-500 кВ);
- 8 623 трансформатордук көмөк чордондордо (6-10/0,4 кВ);
- 2 873 чакырым аба чубалгыларында (35-500 кВ);
- 16 571 чакырым аба чубалгыларында (10-0,4 кВ).
Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, тейлөөчү унааларды оңдоо иштери, ошондой эле энергетикалык объектилерди суу-ташкынынан жана аба-ырайынын таасиринен коргоого багытталган чаралар да көрүлүүдө.
Бул аракеттер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууну жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтууну көздөйт.