Кыргызстанда 947 мугалим жетишпейт

Мектептердин суроо-талабы боюнча учурда өлкө боюнча 947 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Агартуу министрлиги мурдагы жылдардагыдай эле педагогикалык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жумушка алуу менен кадр тартыштыгын жоюуну көздөөдө.
“Учурда “Заманбап мугалим” программасын да сынап жатабыз. Бул мугалим болууга ар бир адам мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт. Учурда программанын 60тан ашуун катышуучусу Чүй облусунун мектептеринде тестирлөөдөн өтүүдө”,-деди ал.
Ал белгилегендей, “Заманбап мугалим” программасына катышкандардын көбүнүн мугалимдик билими бар, бирок ар кандай себептерден улам алар өз адистиги боюнча иштебей калышкан.
“Башка тармактарда билим алып, мугалим болгусу келгендер да бар. Агартуу министрлиги башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, окуу чөйрөсүнө кызыккандарды тартуунун мындай тажрыйбасын натыйжалуу деп эсептейт”,-деп жыйынтыктады ал.