Данияр Амангелдиев баалуу кагаздар маселеси боюнча жыйын өткөрдү

 Данияр Амангелдиев баалуу кагаздар маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги алдында президенттин “Инвестициялык климатты өнүктүрүү жана тышкы каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын эгемендүү еврооблигацияларын эл аралык капитал рыногуна 5 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен 700 млн доллар өлчөмүндө ийгиликтүү чыгаруунун тажрыйбасы талкууланды.

Күн тартибиндеги негизги маселе тышкы каржылоону тартуу жана Кыргызстандын жана мамлекеттик компаниялардын эл аралык капитал рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду.

Отурумдун жыйынтыгында мамлекеттик органдарга баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү бар стратегиялык маанилүү акционердик коомдордун тизмесин түзүү боюнча иштерди активдештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Связанный пост