“Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорунун алкагында беш айында 2,4 млрд сомдук жеңилдетилген насыя жана лизинг берилди

“Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорунун алкагында беш айында 2,4 млрд сомдук жеңилдетилген насыя жана лизинг берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК тарабынан 989 агроөнөр жай субъектисине берилди.
Анын ичинде:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу — 526 субъекке 1,2 млрд сом;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу — 463 субъекке 1,2 млрд сом.
Бул долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын жеткиликтүү каржылоо аркылуу өнүктүрүүгө багытталган.
Белгиленгендей, насыя берүү шарттары жана кошумча маалымат алуу үчүн жарандар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтын райондук филиалдарына, ошондой эле Айыл чарба министрлигине кайрыла алышат.
Байланыш телефондору: 62-37-19, 62-27-40.