Парламент төрагасы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу менен таанышты
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Алсак, узундугу 100 чакырымды түзгөн бул жол Ала-Бука айылынан башталып, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарын аралап өтүү менен “Чапчыма” ашуусу аркылуу Курулуш айылына жакын “Терс” участкасына чейин уланат. Долбоорго ылайык, 9 көпүрө, 22 селкана да кошо салынып, жалпы жолдун курулуш иштерине 4 млрд сомдон ашуун каражат каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 48 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүгү жыл аягына чейин бүткөрүлөрү пландалууда.
Жолду көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан төрага мамлекет тарабынан борбордон алыс жайгашкан, табияты катаал аймактарга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип: “Себеби мамлекеттин пайдубалы аймактар, ушундай элет жерлери. Андыктан, аймактар өнүгүп, айылдарыбыз бакубат болбосо, мамлекеттин пайдубалы бекем болбойт”, – деп кошумчалады.