Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды

 Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды

Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 1960-жылы туулган И.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелүүдө.

Иликтөөнүн жүрүшүндө өкмөттүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев проспектиси (мурда Кыргызстан көчөсү) дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак — үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү укугу жок. Бирок, буга карабастан мыйзамдарды бузуу менен Ош шаарынын мэри И.Ж. тарабынан мыйзамсыз токтомдор чыгарылып, анын натыйжасында жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүлүп берилген. Бул аймакта кийин мейманкана курулган.

Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 млн сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган. Ал эми мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Связанный пост