Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин айтып: “Бири-биринен алыс жайгашкан эки мамлекетти тарыхый байланыштар жана интеграциялык бирикмелер жакындатып турат. Андыктан, калыптанган алакаларды жигердүү улантып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга умтулушубуз керек”, – деди.

Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тереңдетүү зарыл экенин билдирген Жогорку Кеңештин Төрагасы Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү маселесине да токтолду.

Ошондой эле чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Армения менен болгон соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү өтө төмөн экенин белгилеген Төрага: “Эки тараптуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң экенине карабай, аны толук пайдалана албай келебиз. Андыктан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер катары, капиталдын жана ресурстардын эркин кыймылын камсыздаган бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады.

Ал эми Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян кыргыз парламентинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирип: “Бул расмий сапар парламенттер аралык байланыштарды гана чыңдоого өбөлгө түзбөстөн, эки мамлекеттин мамилесин жаңы деңгээлге чыгарууга жардамчы болот деген үмүттөмүн”, – деди.

Муну менен катар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылган Премьер-министр айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешип иш алып баруу керектигине токтолду.

Тагыраагы өзү да бир нече жолу Кыргызстанда болгонун, өлкөбүздүн кооз табияты жана меймандос эли жакшы элес калтырганын айткан Никол Пашинян: “Мамлекетиңиздердеги акыркы реформалар, айрыкча коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясаттан кабарым бар. Биз аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.

Баарлашуу маалында Бишкек-Ереван аба каттамын ачуу демилгеси да көтөрүлүп, мындай кадам жарандар ортосундагы алаканы арттырууга жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусуна көмөкчү болору белгиленди.

Жолугушууга катышкан “Ата-Журт – Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков транспорттук-логистик маселелерди чечүү жаатындагы сунуштары менен бөлүшүп, аталган маселени Армениянын Улуттук жыйынындагы транспорт тармагын көзөмөлдөгөн комитеттин төрагасы менен да сүйлөшкөнүн маалымдады.

Связанный пост