Кыргызстан менен Армениянын парламенттери ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Анда мыйзам чыгаруу органдарынын өнөктөштүгүн өрчүтүүгө багытталган демилгелер камтылган.
Аземдин алкагында Армениянын Улуттук жыйынынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобунун жетекчиси Алексей Сандыковго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу сыйлыкты тапшырып жатып, кыргыз-армян парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоодо Алексей Сандыковдун салымы чоң экенин баса белгиледи.
Андан соң Төрага Ален Симонян Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына Армениянын Улуттук Жыйынынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар жана отурумдар өтчү залдарын көрсөтүп чыкты.