УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген спорт стадионун мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген спорт стадионун мамлекетке кайтарды.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик менчикти кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “У” акционердик өндүрүштүк-коммерциялык коомунун заводунун социалдык объекттерин менчиктештирүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүүдө “У” ААКтын балансында турган спорт стадиону 1993-жылы жеке менчикке чыгарылганы такталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси социалдык багыттагы объектиге ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына акысыз өткөрүп берүү каалоосун билдирген.

Аны менен катар 2025-жылдын 19-майында бардык зарыл процедуралар аяктагандан кийин спорт стадионунун жалпы аянты 1,15 га жер тилкеси ыктыярдуу жана акысыз негизде министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган мүлктөрдү кайтарып алуу боюнча тиешелүү иштерди улантууда.

Связанный пост