Коомдук транспорттун маалымат такталары мамлекеттик тилге которулууда
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, коомдук транспорттун маалымат такталары (трафареттер) расмий тилден мамлекеттик тилге которулууда.
2013-жылдын 18-июнундагы №153 Шаардык транспорт башкармалыгынын буйругуна ылайык мамлекеттик тилде иш алып баруу жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө, коомдук транспортто жайгашкан маалымат такталардын (трафареттер) 80% пайызы которулду.