Жылдын аягына чейин Кыргызстанда 1 100 км ашык жол салынат

2025-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 1 100 километрден ашык жол салынат, мындан сырткары, 135 миң чарчы метр аянтта чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Минкабдын 4 айда аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешмеде айтты.
Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2025-жылга карата 24,7 млрд сомго каржылоо каралганын, алгачкы 4 айдын ичинде 10,1 млрд сом каржыланганын белгиледи.
Азыркы учурда курулуш иштери төмөнкү артыкчылыктуу объектилерде активдүү жүрүүдө: Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол, Нарын – Баетов, Ош – Баткен – Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров, Бишкек – Ош, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Суусамыр – Талас – Тараз, Лебединовка – ГЭС-5, Бишкек – Кант, Түндүк айланма жолу, Жалал-Абад – Бегабад – Бажы, Ноокат – Араван, Семеновка – Ак-Суу (Кырчын), “Түндүк–Түштүк” жолундагы 5 кошумча курулуш объектиси, Барпы – Сафаровка.
Минкаб төрагасы белгилегендей, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун алкагында 2025-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда магистралдын негизги объектилеринин курулушу башталды, анын ичинде Фергана тоннелинин курулушу да бар. Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүнүн жалпы узундугу 304,94 км түзөт, 48 көпүрө жана 27 тоннель куруу пландалууда, алардын жалпы узундугу 119,69 км. Кыргызстан тараптан 85 млн АКШ доллары бөлүндү.
Адылбек Касымалиев авиация тармагында 2025-жылдын башынан бери беш жаңы авиакаттам ачылып, авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү уланып жатканын кошумчалады.