ТИМ Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет

Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 30-июндан тартып өлкөнүн аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россия аймагына кирүүгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен өлкөгө баруунун жана анын аймагында жүрүүнүн (жашоо) максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз берүү талап кылынат.
Шашылыш дарылануу, катуу оору же жакындарынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларда, аны тиешелүү документтер менен ырастоо аркылуу Россияга кирүүгө чейин 4 сааттан кечиктирилбестен мобилдик тиркеме аркылуу кабарлашы зарыл.
Маалымат үчүн: Азыркы учурда чет өлкөлүктөр үчүн “Госуслуги” тиркемесинин аналогу боло турган “RuID” тиркемеси иштелип жатат.
Россиянын аймагына кирүү үчүн чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүү – биринчи кезекте, анын чет өлкөлүк жаран тууралуу маалыматтардын топтомун камтыган санариптик профилди түзүү үчүн зарыл.
Чет өлкөлүк жарандын санариптик профилинин болушу келечекте анын мамлекеттик кызматтарды алууда Россиянын мамлекеттик органдары жана уюмдары менен электрондук формада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча Россиянын мыйзамдарында, эгерде, чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу арыз берилбесе, аны Россиянын мамлекеттик чек арасынан өткөрүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары каралбайт.
Ошол эле учурда, чет өлкөлүк жарандын Россиянын аймагына кирүүсү тууралуу чечим – РФнын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктунда кабыл алынат.
Буга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги Кыргызстандын жарандарына Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери менен алдын-ала таанышып алууну сунуштайт.