Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган Асел Байбагышева мекенине кайтып келди

Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунда дүйнөдөгү эң бийик чокуну — 8 848 метр бийиктиктеги Эверестти багынткан алгачкы кыргызстандык аял, көрүнүктүү альпинист Асел Байбагышеваны салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти.

Маалыматта айтылганда, бул тарыхый жетишкендик Асел Байбагышева үчүн эле эмес, бүтүндөй өлкө үчүн чоң сыймык болуп, кайраттуулуктун жана эрктин символуна айланды. Эверестти багынтуу көптөгөн адамдарга шыктандыруу берип, чоң максаттарга жетүү үчүн өзүнө болгон ишенимдин маанилүүлүгүн эске салат.

“Биз бул жетишкендик менен сыймыктанабыз жана Аселге жаңы ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост