Эки жаңы министрликтин жетекчилери дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, агартуу министри болуп дайындалды.