Касмамбетов: Кыргыз-казактын ортосуна жик салууга аракет кылгандарга каршы турушубуз керек

Кечээ, президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз-казак элинин ортосуна жик салууга аракет кылган видео тасма тууралуу билдирүү жасады. Анда ал коомчулукту чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырып, бир тууган эки элдин ынтымагы баарынан маанилүү экендигин баса белгилеген.
Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов интернет айдыңына тараган бул видео тууралуу өлкө башчысы өз оюн так, даана жана кескин билдиргенин айтат.
“Президент Кенесары хан менен Ормон хан тууралуу тарых барактарында такталган, эл арасында дагы кеңири жайылган, нарк-баяндардын негизинде бири-бирине шайкеш келген, бири-бирине дал келген маалыматтарды аралаштырбай так кесе айтты. Ал өз сөзүндө Кененсары хандын чыныгы баатыр болгонун белгилеп өттү. Ошондой эле Ормон хандын дагы өз учурунда өз элинин чыныгы баатыры болгондугун баса белгилеп, тарыхый фактыларды келтирип жатып, мындан ары мындай талкууларга чекит коюп койсок да болот деген таризде айтты. Буга мындан башка кошумча сөздүн деле кереги жок. Айтып, белгилеп өткөндөй эле кыргыз менен казактын ортосунда туугандык, кудалык, жердештик мамиле бар.
Эки элдин мамилеси акындардын ырындагыдай эле – эки тоонун капталындай, бир дарыянын эки жээгиндей, бир куштун эки канатындай уланып келе жатат. Мында президенттин бул маселеге башынан кызыгып, үңүлүп изилдеп жүргөнү да көрүнүп турат.
Менин оюмча бул темага президенттин жообу менен чекит койсок болот.
Боордош эки эл экономикалык, маданий-тарыхый жактан биргелешкен саясат жүргүзүүдө. Элдердин достугу барган сайын чыңдалып баратат.
Атайылап тиги же бул фактыны бурмалап, жик салууга аракет жасаган тараптардын бар экендигин бизди кооптондурбай койбойт. Биз мындай күчтөргө каршы турушубуз керек. Эки элдин ынтымагы бекем болсун, бузулбасын дегим келет”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элинин ортосуна бүлүк салууга аракет кылган видео боюнча билдирүү жасаган. Анда өлкө башчы чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырып, боордош элдердин бир туугандык мамилесин бекемдөө маанилүү экенин белгилеген.