Айрым региондордо цементтин баасы арзандап, рыноктогу абал турукташууда

Айрым региондордо цементтин баасы арзандап, рыноктогу абал турукташууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сезондук факторго байланыштуу айрым атамекендик цемент чыгаруучу заводдордо “Терек-Таш” ЖЧКнын жана “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖАКтын бир кап цементтин баасы 10 сомдон 20 сомго чейин (50 кг) кымбаттаган. “Кант цемент заводу” ишканасынын цементинин баасы көтөрүлгөн жок. Муну менен катар “Терек-Таш” пландык оңдоо иштерине байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 4-майынан тартып, цементти берүү көлөмүн кыскартты.
Курулуш мезгилинин активдешүүсүнө байланыштуу атамекендик заводдор цементтин негизги көлөмдөрүн ири берүүчүлөргө, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) берип жатат. Буга жараша рынокто цементти сунуштоонун көлөмү төмөндөдү. Мындан улам рынокто жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга токтоосуз реакция болуп, цементти алып-сатарлар тарабынан баалардын жогорулашы байкалды.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кызматтын аймактык органдары тарабынан баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында жер-жерлерде бааларга мониторинг жүргүзүү менен реализаторлорго түшүндүрүү иштери улантылууда. Мындай иш-чаралардын натыйжасында айрым региондордо цементтин баасы арзандады.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан белгилешкендей, цементтин баасы боюнча түзүлгөн кырдаал убактылуу. “Терек-Таш” ЖЧК заводунда оңдоо иштери аяктап, “Кант цемент заводу” ААКда кошумча цех ишке киргизилип, рыноктогу абал турукташууда.
Мындан тышкары, цементке болгон суроо-талаптын жогору экендигин эске алуу менен курулуш объекттериндеги үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу максатында министрлер Кабинети тарабынан цемент алып кирүүгө тыюу салууну алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
2025-жылдын 14-майына карата цемент заводдорунун дүң сатуу баалары
“Терек-Таш” – кабы (50 кг) 315сом , тоннасы 6300 сом;
“Түштүк – Кыргыз цемент” – түндүктө кабы (50 кг) 250 сом, тоннасы – 5000 сом, түштүктө – 310 сом, тоннасы – 6200 сом;
“Кант цемент заводу” – кабы (50 кг) – 340 сом, тоннасы – 6800 сом;
“Түштүк курулуш материалдар комбинаты” – кабы (50 кг) – 320 сом, тоннасы – 6400 сом;
“Шинжаң Пирим” цементинин кабы (50 кг) – 300 сом, тоннасы – 6000 сом.