ӨКМ: Аба-ырайы 40 градуска чейин ысыйт

 ӨКМ: Аба-ырайы 40 градуска чейин ысыйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-17-майда ысык аба-ырайы күтүлөт:

– Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин;

– Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

ӨКМ мындай кургак ысык аба ырайында суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири суугаруу сунушталат.

Связанный пост