Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору бекитилди

 Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору бекитилди

Министрлер кабинети Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Кабыл алынган документтин максаты – жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын белгилөө, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, анын ичинде туруктуу каржылоонун эл аралык рыногунда Кыргыз Республикасынын позициясын чыңдоону көздөйт.

Бул токтомдун аткарылышын президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Ага ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Улуттук статистика комитети бул чечим боюнча тереңден иш алып барат.

Анда, таксономиянын пилоттук режиминин аяктоо мөөнөтү  2028-жылдын 30-июну деп аныкталган.

Толук маалымат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Связанный пост