Быйыл Россиянын “кара” тизмесинен 4 миң кыргыз жараны чыгарылды

Жыл башынан бери Россиянын “кара” тизмесинен 4 миң кыргыз жаран чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, дагы 36 миң кыргызстандык жаран дактилоскопиядан өтүп, “кара” тизмеге кирбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бирок, эгерде алар медициналык кароодон өтпөсө же банктык карыздары болсо, “кара” тизмеде кала беришет. Учурда Россиянын “кара” тизмесинде 70 миңге жакын кыргызстандык жаран бар.
“2025-жылдын 30-апрелине чейин Россияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар, өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салууга же өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү болушкан. Бул мөөнөт ичинде жарандар дактилоскопиядан, медициналык кароодон өтүп, банктык карыздарын төлөп, эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүп, миграциялык каттоого туруу зарылдыгы бар.
Эгерде жарандар бул талаптарды аткарбаса, алар Россиянын көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банктык кызматтардан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга жана башка укуктардан ажыратылышы мүмкүн”,-деди ал.
Ал ошондой эле мыйзам бузган мекендештерге үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин өз макамын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
“Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды Россияда мыйзамдуу жүрүү маселесине жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана терс кесепеттерге жол бербөө үчүн атайын өкүлдөргө өз убагында кайрылуусу керек”,-деди ал.