Аламүдүндө 307 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А.Сыдыков айыл өкмөтүнө караштуу 307 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, мурда аталган жерлердин ээлери Ленин атындагы мамлекеттик айыл чарба заводунун жумушчулары 1994-жылдын 22-февралындагы президенттин жарлыгынын негизинде жер үлүштөрүн жана жерди пайдалануу укугуна күбөлүктөрдү алган.

Ошол эле учурда, аталган жердин ээлеринин көпчүлүгү ар кандай себептер менен Кыргызстандын чегинен тышкары көчүп кетишкен же каза болушкан.

Узак убакыттын ичинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мурдагы жетекчилеринин шалаакы мамилесинен улам, аталган айыл чарба жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчикке алып коюунун милдеттүү тартибин сактабастан, «Шабдан-Ата» ТПК ЖЧКсына мыйзамсыз түрдө 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилип, кийин «Бишкеквинком» ЖЧКсына сатылып кеткен.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Связанный пост