Садыр Жапаров Сузак районундагы «Асман Резиденс-5», «Асман Резиденс-6» жаңы турак жай комплекстери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун Сузак айылында «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын аткарылышы менен таанышты.
Мамлекет башчысы Сузак айылындагы жаңы көп батирлүү үйлөр курулган «Асман Резиденс-5» турак жай комплексинде болду. Ал жашоочулар менен баарлашып, алардын жашоо шарты менен таанышып, инфратүзүмүн көрүп чыкты. Тургундар үйлүү болуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергени үчүн Президентке ыраазычылык билдиришти.
Өз кезегинде Садыр Жапаров жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо – мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи. Ал бардык муктаж болгон жарандар татыктуу жашоо шарттарына ээ болушу үчүн өкмөт ипотекалык үйлөрдү курууга жер аянттарын издөөнү улантарын баса белгиледи.
1,72 га аянтка 14 улагалуу (подъезд) беш кабаттуу 10 блок курулган. Комплексте 240 батир бар, анын 239у турак жайга кезекке турган жарандарга бөлүштүрүлгөн. Бир батир үлүштүк катыштын негизинде сатылды.
Инфратүзүмгө жер астындагы унаа токтотуучу жай, балдар оюн аянтчасы жана инженердик коммуникациялар кирет. Жылуулукту комплекстин көмүр отканасы камсыздайт; суу түтүктөрү, канализация жана электр энергиясы комплекстин аймагында жайгашкан трансформатордук көмөкчордон аркылуу борборлоштурулган тармактарга кошулган.
Президент ошондой эле Сузак айылындагы ушул эле А.Юнусов көчөсүндө жайгашкан «Асман Резиденс-6» турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоор 2,13 га аянтты ээлейт жана 370 батирлүү беш кабаттуу 11 блокту (22 улага) камтыйт. Инфратүзүмдө үч балдар аянтчасы жана унаа токтоочу жай каралган.
Эки долбоор тең калктын сапаттуу жана жеткиликтүү турак жайга жетүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактагы жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.