Президент Жалал-Абаддагы «Асман Резиденс-1» турак жай комплексиндеги ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Асман Резиденс-1» көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Көп кабаттуу турак жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан «Менин үйүм (2021–2026)» мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад шаарында курулган.

Комплекс жети тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар.

Коммуникациялар борборлоштурулган, жылуулук өзүнүн отканасынан берилет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө МИК үйгө муктаж миңдеген үй-бүлөгө жеткиликтүү шарттарды сунуштап, социалдык багыттагы турак-жай саясатын ийгиликтүү жүргүзүп жатканын эске салды.

Садыр Жапаров белгилегендей, үйлөрдүн курулушу аяктаганда миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөсү менен, “өз үйү – өлөң төшөгүндө” бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алышат.

Ал ипотекалык турак-жайлар калктын бардык катмарына, анын ичинде социалдык жактан аялуу жарандарга да жеткиликтүү экенин баса көрсөттү. Президент социалдык жактан аялуу катмар үчүн, алардын турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган атайын программа каралганын эске салды. Бул программанын алкагында турак-жайды жеңилдетилген шарттарда, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат.

Мамлекет башчы учурда үйү жок жарандарыбызды, анын ичинде чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак-жай менен камсыз кылуу боюнча ири иштер жүрүп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу үлүштүк курулуш механизми ийгиликтүү ишке киргизилип, ал турак жай сатып алуу процессин жөнөкөйлөштүрдү, ипотекага жеткиликтүүлүктү кеңейтти жана ошол эле учурда өлкөнүн экономикасына салым кошуу менен мекендештердин жашоо шарттарын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калды.

Садыр Жапаров ошондой эле мамлекеттик ипотеканы алуу процесси толугу менен санариптештирилип, ачык-айкын жана жеткиликтүү системага айланганын баса белгиледи:

«Турак-жайга кезекке туруу, документтерди тапшыруу жана кароодон өткөрүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Бул система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык элементтерди жоюуну максат кылат. Үй алууда мындай терс көрүнүштөр боюнча ичиңиздерде күдүк ой калбасын, баары акыйкат жана мыйзамдуу болот», — деди Мамлекет башчысы.

Ал мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатканын кошумчалады. Бул турак-жай шарттарын жакшыртуу жана заманбап турак жай комплекстерин куруу боюнча мамлекеттик масштабдуу жана узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү гана.

«Менин үйүм» программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 11 миңге жакын батирлер, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы, Таш-Көмүрдөгү жана Сузак районундагы объектилер курулууда. Жакынкы аралыкта 879 батирди кошкондо миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге ээ болушат, анын ичинде Сузак айылындагы 240 батирлүү «Асман резиденция-5» комплекси бар.

Мамлекет башчысы бардык объектилер заманбап инфраструктура – ​​мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана спорт аянтчалары менен жабдыларын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров беш баланын энеси, бала бакчанын тарбиячысы Жыпаргүл Момбековага жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Бул аракети коомдун жыргалчылыгы үчүн жанын аябаган жана колдоого муктаж адамдарга мамлекеттин көңүл буруусунун символу болуп калды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров турак жай комплексинин инфратүзүмү менен таанышып, батирлерди көрүп чыгып, тургундар менен баарлашып, аларды жаңы конушу менен куттуктады.

Связанный пост