Өлкөдө бир аптада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын 5-майынан 11-майына чейин 22 миң 104 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 853;
-Мас абалында унаа башкаруу – 418;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -154;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 340;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3688;
-Автоээнбаштык – 29;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3340;
-Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу – 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 279;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2563 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.