Сауд Аравиянын Королу Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун куттуктоо телеграммасында: «Улуу Даражалууга чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүбүздү жана эң жакшы тилектерибизди канааттануу менен жолдойбуз, ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», – деп айтылат.
Өзүнүн куттуктоосун Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да жолдоду.