Ысык-Көл жана Талас облустарында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер учурунда 2800 м² синтетикалык тор жок кылынды

 Ысык-Көл жана Талас облустарында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер учурунда 2800 м² синтетикалык тор жок кылынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыктары тарабынан облустарда ири рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Ысык-Көл облусундагы рейд Жети-Өгүз районунун Тосор, Тамга, Кичи Жаргылчак жана Барскоон айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында көлдүн акваториясынан мыйзамсыз орнотулган жалпы 800 м² синтетикалык балык уулоочу торлор табылып, жеринде толугу менен жок кылынды.
Ал эми 6-майда Талас облусунун Айтматов районунда жайгашкан Киров суу сактагычында өткөрүлгөн рейд учурунда министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү экоактивисттер жана Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган, узундугу 2000 метрди түзгөн синтетикалык торлор табылып, алар да толугу менен жок кылынды.
Эскерте кетсек, 1-майдан тарта өлкө аймагындагы сууларда балыктардын уругун чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого тыюу салынган. Бул мезгилде балык запасын сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо өзгөчө мааниге ээ.
Бул иш-чаралар браконьерликке каршы күрөшүүнү күчөтүү, суу биоресурстарын жана экосистемаларды коргоо, ошондой эле Ысык-Көл менен Киров суу сактагычынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Министрлик мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана жаратылыш ресурстарын коргоо багытындагы иш-аракеттерди мындан ары да туруктуу уланта тургандыгын белгилейт.

Связанный пост