Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Бул күн, арадан ондогон жылдар өтсө дагы, биримдиктин, тилектештиктин жана оор сыноолордо туруктуулуктун үлгүсү иретинде өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди жакындаткан маанилүү тарыхый окуялардын катарында турат. Улуу Жеңиштин элеси муундан муунга өтүп, бизди жаңы маанилүү жетишкендиктерге шыктандырып келет.
Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы жеңиштин кебелбес духуна негизделген жалпы тарыхый мурас мындан ары да биздин өлкөлөр менен элдерибиздин бакубаттуулугу жана гармониялуу өнүгүүсү үчүн достук жана жемиштүү кызматташтык мамилелеринин бекем пайдубалы катары кызмат кыла берерине ишенем», – деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында.