Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

 Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

«Бул тарыхый дата – эркиндикти жана көз карандысыздыкты коргогон бардык элдердин чыныгы баатырдыгынын, майтарылбас эркинин жана өз жанын аябоочулугунун символу.

Жеңгендердин болуп көрбөгөндөй эрдиги урпактардын жүрөгүндө жашайт жана келечек муундарга адеп-ахлактык жол көрсөткүч катары кызмат кылат.

Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу согуштун эң оор сыноолорун башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар мындан ары да чыңдала берерине, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын бекем пайдубалы катары каларына ишенем», – деп айтылат
Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катында.

Связанный пост