Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

 Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

«Бул улуу майрам бир тууган элдерибиздин кажыбас кайраттуулугунун жана өчпөс эрдигинин, тынчтык, бейпилдик жана эркиндик үчүн баатырдык күрөшүнүн жаркын символу болуп саналат.

Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жана бардык макулдашууларды ишке ашыруунун аркасында, албетте, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Связанный пост