Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын социалдык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

 Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын социалдык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Анкара шаарында Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык саясат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Айрыкча үй-бүлөнү колдоо, аялдардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улуу муундагы жарандарга жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Казакбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, профилдик мекемелердин линиясы боюнча Түркия менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде министр Өздемир Гөкташ Түркия үчүн Кыргызстандын өнөктөш катары маанисин баса белгилеп, бардык тармактар боюнча кызматташууга, анын ичинде социалдык коргоо тармагында Түркиянын топтогон тажрыйбасын кыргыз тарап үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында социалдык чөйрөдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендик тастыкталып, эки өлкөнүн профилдик министрликтери арасында жумушчу топторду түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Связанный пост