Оштогу мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өттү

 Оштогу мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өттү

Ош шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан №18 балдар бакчасы мыйзам талаптарын бузуу менен 1998-жылы жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 120 млн сом болгон бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды.

Связанный пост