Өлкөдө бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок

Өлкөдө бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 2025-жылга карата эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы бекитилип, анын негизинде Ветеринардык кызмат тарабынан биокаражаттар сатып алынып, алар тиешелүү талаптарды сактоо менен райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктарга өз убагында жеткирилген.
2025-жылдын март айына карата республика боюнча жалпы 4 088,3 миң баш малга ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн. Атап айтканда:
- Диагностикалык жана башка изилдөөлөр – 320,5 миң башка;
- Алдын ала эмдөө иштери – 3 592,6 миң башка;
- Дегельминтизация – 169,0 миң башка.
Жогорудагы иш-чаралардын жыйынтыгында, 2025-жылдын биринчи кварталына бекитилген план 127 пайызга аткарылды.
Эпизоотиялык көзөмөлдү камсыз кылуу максатында айрым аймактарда карантин жана чектөө чаралары киргизилип, тиешелүү ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлдү.