Мугалимдердин айлык акысы окуучулардын жетишкендигине жараша болот

Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы иштелип чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди.
“Мугалимдерге окуучулардын жетишкендиктерине жараша эмгек акы төлөөнүн башка модели иштелип чыгат. Биз окуучулардын жетишкендиктерин чейректердин жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бул үчүн бизге окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болот. Ал жерден мугалимди тартпастан эле керектүү маалыматтарды ала алабыз. Мындай учурда биз баланын билим деңгээлин ыкчам көзөмөлдөй алабыз”, – деди министр.
Кендирбаева мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүүнүн так мөөнөтүн айткан жок. Бирок ал жаңы окуу жылында мектептердин техникалык жана тейлөөчү кызматкерлеринин гана айлык акысы көтөрүлүшү күтүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле министр педагогикалык жамаатты отчеттуулуктун ашыкча түйшүгүнөн бошотуу саясаты ишке ашырылып жатканын да кошумчалады.
“Биз 45 отчеттун 30ун алып салдык. Жаңы улуттук платформа – “Мугалим” автоматташтырылган маалымат системасы түзүлдү. Керектүү маалыматтардын баарын ошол жерден алабыз. Азыр биз мугалимдерди маданият, экология, “Кыргыз жараны” жана башка тармактардагы программалардын аткарылышы боюнча отчет берүүдөн кантип бошотсок болот деп ойлонуп жатабыз”, – деди Кендирбаева.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 25 миң 764 сомду түздү.
Булак “Кабар” агенттиги