Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту
Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.
Алгач парламент Төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу боордош Түркия мамлекети Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: “Акыркы мезгилдери алакабыз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өткөн жылы Президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары кызматташтыктын жаңы барагын ачты. Ал эми сиздин бүгүнкү расмий сапарыңыз, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, алакаларыбызды арттырууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.
Анткени, парламенттик дипломатия өнөктөштүктү өрчүтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген Төрага: “Өлкөлөрүбүз ортосунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн депутаттардын тыгыз иш алып баруусу зарыл. Андыктан, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде, муну менен катар ТүркПА өңдүү парламенттер аралык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек”, – деди.
Ошондой эле соода-экономикалык байланыштар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлерин кошумчалады.
“Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына чейин көтөрүү тууралуу мамлекет башчыларыбыз белгилеген максатка жетишүү үчүн алгылыктуу иштерди алып баруубуз кажет. Айрыкча эки тараптуу соодада орун алган техникалык тоскоолдуктарды жоюу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түркияга экспорттоону жолго коюубуз шарт”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Мындан тышкары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы калыптанган кызматташтыкты кеңейтүү маселесине да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу аталган багыттарда мүмкүнчүлүктөр арбын экенин эске салды. Анын ичинен 150 кыргыз жаранын түрк ооруканаларында акысыз дарылоо боюнча макулдашууну кайрадан улантып, квотанын көлөмүн 500гө чейин көбөйтүү сунушун берди.
Ошону менен катар Нурланбек Тургунбек уулу бардык тармактардагы кызматташтык бир туугандык мамилеге ылайык жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш да Кыргызстандагы расмий сапары ийгиликтүү жыйынтыкталарына үмүт артарын айтып, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо багытындагы пикирлери менен бөлүштү. Айрыкча жолугушууда көтөрүлгөн ар бир маселе актуалдуу экенин белгилеген Нуман Куртулмуш: “Түркия боордош кыргыз эли менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар. Бизди стратегиялык алакалар гана жакындатпастан, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жана боордоштук мамиле бириктирип турат”, – деди.
Муну менен катар саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү башкы максат экенин кошумчалаган Нуман Куртулмуш жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоодо алгач парламенттик дипломатияны өнүктүрүү керектигин билдирди.