Кыргызстан менен Азербайжандын экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын экономика министри Микаил Джаббаров менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.
Эки өлкөнүн экономикалык өз-ара аракеттенүүсүнүн учурдагы негизги инструменти болгон Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Гидроэнергетика чөйрөсүндөгү жашыл долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалды. Маектештер ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун эске алуу менен эки өлкөнү байланыштырган транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Элчи Максат Мамытканов азербайжан тарапка эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда кызматташууну түзүүнү жана Азербайжандын региондорунун бири менен иштешүүгө кызыкдар болгон Нарын облусунан баштоону сунуштады.
Маектин аягында тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты прогрессивдүү өнүктүрүү жана тереңдетүү ниеттерин баса белгилешти.