2025-жылдын үч айында Кыргызстандан 8,8 млн даана жумурутка Казакстанга экспорттолгон

 2025-жылдын үч айында Кыргызстандан 8,8 млн даана жумурутка Казакстанга экспорттолгон
Республика боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында өстүрүлөт. Мамлекеттик жардам максатында, малдын жана канатуулардын тоюттары жана тоюттардын кошулмалары импортун кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес.
2025-жылдын январь–март айларындагы жумуртканын импорту жана экспорту
1.  Жумуртка
 2025 жылдын үч айында 8 812 800 даана жумурутка, Казакстан Республикасына экспорттолду.
2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда:
– Импорттун көлөмү 10 760 760 даанага азайган.
– Экспорттун көлөмү 8 756 200 даанага көбөйгөн.
2. Инкубациялык жумуртка.
2025 жылдын үч айында –  2 261 480 даана, инкубациялык жумуртка импорттолгон, төмөндөгү  өлкөлөрдөн: Түркия, Өзбекстан, Россия, Франция, Дания.

Связанный пост