IFC Кыргызстандагы долбоорлорго $130 млн ашык инвестиция салууга даяр
Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Пакистан, Түркия, Ооганстан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы учурдагы IFC долбоорлорун жана кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты, атап айтканда, альтернативдик энергетика, суу менен камсыздоо, кичи жана орто бизнес, инвестиция тармагында. Адылбек Касымалиев өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн жеке инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, көрсөткөн колдоосу үчүн IFCге ыраазычылык билдирди.
“Бүгүн биз ишенимдүү түрдө айта алабыз, Кыргыз Республикасында инвестиция жана өнөктөштүк үчүн ачык жагымдуу жана туруктуу бизнес чөйрө түзүлүп жатат. Биздин мамлекеттик саясаттын борборунда жеке секторду өнүктүрүү, мыйзамдуулукту бекемдөө, инвесторлорду коргоо жана бардык процесстерде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу турат. Биз санариптештирүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана инвесторлорду укуктук жактан коргоону күчөтүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.
Кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.
“Биргелешкен аракеттердин аркасында инвестициялык климатты жакшыртуу максатында Жогорку Кеңештин кароосуна түз чет элдик инвестицияларга тоскоолдуктарды жоюуга, инвесторлорду коргоо механизмдерин киргизүүгө жана талаш-тартыштарды эффективдүү чечүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Мен өз тарабымдан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жеке менчикти жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча милдеттенмесин ырастайм”, – деп белгиледи ал.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасы инвестицияга абдан кызыкдар экенин, ал эми жеке инвестициялар туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун негизги фактору экенин белгиледи. Ал бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жана мамлекеттик институттарга ишенимди жогорулатууга багытталган бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жана аутсорсинг механизмдери аркылуу айрым мамлекеттик кызматтарды жеке секторго өткөрүп берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.
“Өлкөнүн кредиттик рейтингинин Standard & Poor’s (S&P Global Ratings) боюнча “Туруктуу” көрсөткүч менен “В+” деңгээлине көтөрүлүшү маанилүү окуя болуп саналат. Буга жогорку макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, туруктуу фискалдык позициянын, мамлекеттик карыздын туруктуулугунун жана өлкөдө бизнести колдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган түзүмдүк реформалардын аркасында жетишилди”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эл аралык каржы корпорациясынын уставдык капиталын көбөйтүү маселеси да көтөрүлдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле МинКаб Кыргызстанга тартылып жаткан бардык инвестициялар туруктуу өнүгүү принциптерине жооп берип, жергиликтүү калкка пайда алып келүүсүн тыкыр көзөмөлдөй турганын кошумчалады.
Өз кезегинде Хела Шейхроуху Кыргызстандын инвестициялык климатындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, Эл аралык каржы корпорациясынын өлкөдөгү ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады. Ал Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жооп берген жаңы долбоорлорду жана кызматташуу багыттарын кароого даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары, ал Эл аралык каржы корпорациясынын энергиянын кайра жаралуучу булактары жана суу менен камсыздоо жаатындагы долбоорлорго 130 миллион доллардан ашык инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине жана кеңейээрине ишенимин билдирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана экономикасынын өсүшүн камсыздоо маселелеринде көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосу үчүн Эл аралык каржы корпорациясына ыраазычылык билдирди.