Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга иш сапары менен келди

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле бир катар маданий иш-чараларга баруулары пландалууда.

Связанный пост