Бакыт Төрөбаев жылына 1,7 млн тонна цемент чыгарган Терек-Таш заводунун иши менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан «Терек Таш» цемент заводунун өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, «Терек Таш» цемент заводу 2024-жылдын 30-августунда ачылып, пайдаланууга берилип, 150 адам жумуш орун менен камсыздалган. Өндүрүмдүүлүк кубаттуулугу – жылына 1,7 млн тонна цемент чыгарууга жөндөмдүү.
Долбоор жеке инвестициялар жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (45 млн. АКШ доллары) аркылуу каржыланган.
Белгилей кетсек, цемент заводу өндүргөн продукциялар айыл чарба тармагында каналдарды бетондоо, оңдоо, суу сактагычтарды куруу иштеринде кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк берет.