Ысык-Көлдө “Ак илбирс” экологиялык коридору түзүлдү

Ысык-Көл облусунда “Ак илбирс” экологиялык коридору түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, коридор ири табигый аймактарды камтып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүн коргоого багытталган.
Коридор жалпы аянты 792 миң гектардан ашкан “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркын, Сарычат-Ээрташ коругун жана Нарын коругун кошкондо бир нече корголуучу жаратылыш объекттерин бириктирет.
Коридорду түзүүнүн негизги максаттарына төмөнкүлөр кирет:
- популяцияларды сактоо: ак илбирсти кошкондо жапайы жаныбарлардын мейкиндик-генетикалык биримдигин жана популяцияларынын бүтүндүгүн камсыз кылуу;
- экосистемаларды коргоо: жаратылыш комплекстерин жана алардын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо. Сейрек түрлөрдү коргоо: экономикалык жактан баалуу, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоо.
Коридордун аймагында өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды интродукциялоо, уу химикаттарды пайдалануу, радиоактивдүү калдыктарды көмүү, ошондой эле экосистемага терс таасирин тийгизе турган ар кандай аракеттер сыяктуу бир катар иш-аракеттерге катуу чектөөлөр киргизилген. Ошону менен бирге жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чараларга уруксат берилди.
Буга илимий изилдөөлөр, мыйзамга ылайык токойду пайдалануу, токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн санын жөнгө салуу кирет.
“Ак илбирс” экологиялык коридорун түзүү аймактагы жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.