Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө отчету угулду

Жогорку Кеңештин жыйынында 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ал прокурордук чара көрүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзам бузууларды жоюу, жашы жете электердин жана аялдардын укуктарын калыбына келтирүү, жашы жете электердин кылмыштары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге да токтолду.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев 2024-жылы Ата-Түрк паркынын чек араларына байланыштуу маселе чечилгенин жана жаңы курулуштарга тыюу салынганын эске салып, бирок Башкы прокуратуранын имаратынын жанында бизнес-борбордун курулушу башталганын белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Эльдар Абакиров Transparency International уюмунун коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 141-орундан 146-орунга түшүп кеткенин айтып, көптөгөн чет элдик инвесторлор эл аралык рейтингдерге таянып чечим кабыл аларын жүйө келтирди.
Депутат Арсланбек Эгембердиев мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди, анын ичинде мамлекеттик өнөр жай ишканаларынын мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрсө, депутат Алишер Козуев прокуратура органдарынын кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу маселесине токтолуп, айлык акыны жогорулатуу коррупцияны азайтуунун негизги факторлорунун бири экенин кошумчалады.
Андан тышкары, депутат Айжигит Тыналиев сот органдарына өткөрүлгөн иштердин сапатына көңүл буруп, бул жагдай тергөөчүлөрдүн жетишсиз ишинин көрсөткүчү эмеспи деп кызыкты.
Муну менен катар депутат Камила Талиева балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы тууралуу сөз кылып: «Балдар жана өспүрүмдөр катышкан кайгылуу окуялардын түпкү себеби – жашы жете электерди билим берүү жана тарбиялоо системасындагы кемчиликтерге байланыштуу», – деген Камила Талиева жооптуу органдарды бул багытта алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.
Өз кезегинде депутат Эмиль Токтошев мамлекетке кайтарылган мүлктөрү үчүн жарандарга компенсация төлөп берүү маселесин көтөрүп, мындай ченем КРнын Конституциясында бекитилгенин белгиледи.
Жыйынтыгында 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету эске алынды.