Чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көл, Ала-Арча жана Бишкек шаарын кыдырды
Кезектеги турпоезд 11-апрель күнү Кыргызстанга кирип, эң алгач Ысык-Көл облусун көздөй сапар алган. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы билдирет.
Туристтер облустун кооз табиятты, тарыхый жана маданий жайларды кыдырып чыгып, 12-апрель күнү кайра Бишкекке кайтышкан. Чет өлкөдөн келген коноктор Ала-Арча капчыгайын жана Бишкекти кыдырышты.
Туристтик маршрут Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды камтып, үч өлкөнүн маданияты менен табигый кереметтерин бириктирип турат. Поезддин курамында 12 вагон бар, туристтердин саны 91. Алар Германия, Англия, Швейцария, Сингапур, Чехия, Нидерланды, Канада жана башка өлкөлөрдөн келген туристтер.
Кыргызстан табигый байлыктары, тарыхый мурастары жана меймандостугу менен дүйнөлүк туристтерди өзүнө тартууну улантат. Туризм тармагындагы мындай демилгелер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө зор салым кошот.
Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого, өлкөнүн эл аралык аренадагы оң имиджин калыптандырууга жана туризм тармагын мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.