Кыргызстан менен АКШ санариптик өнөктөштүктү күчөтүүдө

Кыргызстан менен Американын санариптик өнөктөштүктү күчөтүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өнөктөштүктү күчөтүү маселеси бүгүн министрликте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланды.

Тараптар жасалма интеллектен баштап санариптик чечимдерге чейинки инновациялык технологияларды биргеликте өнүктүрүүнү талкуулады.

Ошондой эле жылдын эң ири санариптик окуясы – КИТ-2025 форумуна даярдык көрүү маселеси каралды.

Жолугушууга IT-компаниялар менен Жогорку технологиялар паркынын өкүлдөрү катышышты.

Связанный пост